Синирлиоглу Могерини менен жекеме - жеке сүйлөштү

Сириядагы кризисти токтотууну каалаган тараптар Венада жолугушту жана саясий чечүүчү жол издөөнү улантышууда

360469
Синирлиоглу Могерини менен жекеме - жеке сүйлөштү


Тышкы иштер министри Феридун Синирлиоглу АКШнын тышкы иштер министри Жон Керри, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Сауд Арабстандын тышкы иштер министри Адел бин Ахмед Аль – Жубеир кечээ төрттүк жыйын өткөрдү.
Жыйында Сириянын абалы жана өткөөл процессинде жүргүзүлө турган жол картасы экинчи жолу каралды. Биринчи жыйын өткөн жумада жума күнү өткөрүлгөн.
Түркия, АКШ, Орусия жана Сауд Арабстандын тышкы иштер министрлери жолугушуп, жыйындын акырында макулдашуу үчүн аракеттердин улантыларын билдиришкен. Бирок кечээки экинчи жыйында да Асад тууралуу жаңы келишим чыккан жок.
АКШ жана Түркия да кошулган блок Сирияда өткөөл процессти каалап жатат. Процесте Асад боло турган болсо алты айлыгына жоопкерчиликтери чектелген түрдө кызматта калуусу ойлонулууда. Венадагы жыйынга да бул сунуш менен барышты.
Бирок Асадды колдогон Орусия менен дагы келише алышкан жок. Кремль Асаддын күчүн сактап калуусун, өткөөл процессинен кийин өлкөнү кимдин башкарарына калктын чечим чыгаруусун каалап жатат. Төрттүк жыйындан кийин тышкы иштер министри Синирлиоглу жана БУУнун өкүлү Могерини жекеме – жеке сүйлөшүү өткөрүштү. Сүйлөшүүдө Сирия маселесин карап чыгышып, Сирия кризисине карата чечүүчү жол сунуштарын сүйлөшүштү. Бүгүн да улантыла турган «Сирия» жыйынына араларында Иран да болгон 17 өлкө менен Европа Биримдиги жана БУУнун өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Тараптар 2012 - жылы кабыл алынган Женева билдирүүсүнүн негизинде «Сирияда толук жооптуу өткөөл өкмөттүн курулушу» тууралуу өзгөрүүнүн болушу үчүн аракет кылышууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар