25 өлкөдө 1 миң 729 түрк окутуучу эмгектенүүдө

Чет өлкөдө 6 миллиондон ашуун түрк жараны жашайт.

358002
25 өлкөдө 1 миң 729 түрк окутуучу эмгектенүүдө

Улуттук билим берүү министри Нави Авжы учурда 25 өлкөдө 1 миң 729 түрк окутуучунун кызмат кылып жатканын белгилеп: «Түрктөр жашаган бардык жерге биз да барып аларга жардам көрсөтүүгө аракет кылуудабыз»,- деди.
Министр Авжы өлкөнүн ичинде болгону сыяктуу окуу китептеринин чет өлкөгө да акысыз жиберилгенин, акыркы 5 жылда 1 миллион китептин чет өлкөдөгү түрк окуучуларына бекер таркатылганын айтты.
ТРТнын «Түркия үнү» радиосундагы түз уктурууда Тышкы берүүлөр департаментинин башчы орун басары Мүмтаз Диздарлардын суроолоруна жооп берген Авжы, чет өлкөдө көпчүлүгү Батыш Европа өлкөлөрүндө жашаган жалпы 6 миллиондон ашуун түрктүн бар экенин эске салды.
Улуттук билим берүү министрлиги катары чет өлкөдөгү жарандарыбыздын муктаждыктарын камсыздоо үчүн көп сандаган өкүлчүлүктөр ачылганын белгилеген Авжы: «Чет өлкөдөгү жарандарыбыздын билим берүү муктаждыктарын камсыздоо үчүн 34 өлкөдө 56 өкүлүбүз бар. Бир гана билим берүү кеңешчиликтери жана билим берүү атташеликтери эмес, ошол эле учурда биздин чет өлкөгө жөнөткөн окутуучуларыбыз бар. Чет өлкөдө жалгыз гана түрк жарандарына карай эмес түрк тилин үйрөнгүсү келген чет өлкөлүктөргө карай милдеттендирилген 32 өлкөдө 68 мугалим бар»-деди.
Министр Авжы, 24 өлкөдө 2 миң 646 окуучунун Улуттук билим берүү министрлигинин стипендиясы менен билим алып жатканын, булардан 559нун тил, 747синин магистратура, 1 миң 327синин докторантура, 20сынын да докторатантурадан кийинки билим алуусун улантып жатканын белгилеп, чет өлкөдө билим алуу стипендиялары үчүн быйыл рекорддук деңгээлде кайрылуу болгонуна көңүл бурду.
«Террордук окуялар окутуучуларга таасирин тийгизип жатабы?» деген суроого министр Авжы: «Август айында 37 миң мугалимдин 26 миңин б.а 70 пайызын чыгыш жана түштүк-чыгыш областтарына жөнөттүк. Булардын 40 пайызы гана жеке маселелеринен улам кызматын баштаган жок. Дайындоолордун алдында «аймактарда баш аламандык болуп жатат, мугалимдер ал жерлерге барбайт» деген спекуляциялар бар эле. Бирок окутуучулар учурда өз кызматтарында. Аймактагы жарандарыбыз да мугалимдерди жылуу маанайда тосуп алышты»,- деп жооп берди.
Министр Авжы ТРТнын уктуруусунда, февраль айында орто эсеп менен 30 миң мугалимдин дайындала турганын да сүйүнчүлөдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар