Президент Эрдоган Путинден маалымат алды

Эрдоган Халеп жана чөйрөсүн бутага алган кол салуулардын жаңы бир көч толкунун пайда кылуусу боюнча санаасын да билдирди

395809
Президент Эрдоган  Путинден маалымат алды

Президент Р. Т. Эрдоган Орусиянын мамлекет башчысы В. Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп Сирия лидери Асаддын кечээ өткөргөн Москва сапарына байланыштуу маалымат алды.
Сүйлөшүүдө Сириядагы акыркы абалдарга байланыштуу тынчсызданууларын билдирген Эрдоган Халеп жана чөйрөсүн бутага алган кол салуулардын жаңы бир көч толкунун пайда кылуусу боюнча санаасын да билдирди.
Эрдоган орус кесиптешине ПЙД жана ЙПГнин террордук уюм ПКК менен байланыштарын да кенен түрдө айтып, Түркиянын ДЕАШ да болуп террордук уюм менен күрөшүүгө маани бергенин баса белгиледи.
Эки лидер келерки айда чоң жыйырмалар саммити өткөрүлө турган Антальяда жолугушканда бардык темаларды кенен түрдө карап чыгуу боюнча макулдашышты.
Башар Асад өлкөсүндө жарандык согуш чыккан 2011 - жылдан бери биринчи жолу өлкө тышына чыгып, кечээ Москвада Путин менен жолугушту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар