Анкарадагы жарылууларда 30 киши каза болду...

Ички иштер министрлиги 2 башка жарылууда 126 кишинин да жаракат алганын билдирди.

352293
Анкарадагы жарылууларда 30 киши каза болду...

Анкарада поезд станциясына кетүүчү кесилишкен жолдо жарылуу болуп, 30 киши каза тапты.
Ички иштер министрлиги 2 башка жарылууда 126 кишинин да жаракат алганын билдирди.
Ошол эле маалымат булактары жарылуулардын себебинин азырынча белгисиз экенин билдирди.
Анкаранын республикалык башкы прокуратурасы жарылууну изилдөө боюнча 5 прокурорду милдеттендирди.
Окуя болгон жерде дагы эле көп сандаган тез жардам унаасы күттүрүлүп жатат. Жаралуулар чөйрөдөгү ооруканаларда дарыланып жатышат.
Жарылуулар эртең менен «Эмгек, тынчтык жана демократия» митингине катышууну каалаган кишилер чогула баштаган убакта болгону билдирилди.
Окуя болгондон кийин президент Эрдоган, премьер-министр Давутогу жана Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кылычдароглу бардык программаларын жоюшту.
Президент Эрдоган окуя тууралуу кысача маалыматында «Канкорчо кол салууга наалат айтамын, каза болгондордун жаткан жери жайлуу болсун, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин тилеймин»-деди.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу расмий имаратта коопсуздук жыйынын өткөрүп жатат. Жыйынга вице-премьер Ялчын Акдоган, ички иштер министри жана саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу өкүлдөрү, Улуттук чалгындоо кызматынын төрагасы Фидан, Коопсуздук башкы директору Лекесиз жана Анкара губернатору Кылычлар катышууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар