3 миң 700 жылдык табылга

Алажахөйүкте жүргүзүлгөн казууларда мүйүздөн жасалган буюмдар табылды

377091
3 миң 700 жылдык  табылга

Түркиянын «алгачкы улуттук казу аянты» деп билинген, хэтты цивилизациясынын негизги борборлорунан Алажахөйүкте жүргүзүлгөн казууларда 3 миң 700 жылдык колодон жасалган чачка тагуучу буюмдар менен мүйүздөн жасалган буюмдар табылды.
Анкара университети тарабынан ишке ашырылган казуулардын жетекчиси профессор Айкут Чынароглу калай менен жездин аралашмасынан жасалган чач жасалгаларынын хэттыларга таандык ательеде жүргүзүлгөн казууларда табылганын айты.
Чынароглу чач жасалгаларын королдук үй – бүлөсү же калктын колдонгону боюнча так калдыктардын табылбаганын, эки катмардын да бул буюмдарды колдонушу мүмкүн экенин белгиледи.
Башка бир аянттагы казууда да мүйүздөн жасалган буюмдардын табылганын белгилеген Чынароглу хэттылар мезгилинде калктын эң көп ушуга окшогон буюмдарды колдонгонун айтты. Казуулардын улантыларын белгилеген Чынароглу кен иштетүү ательесиндеги жана башка аянттардагы казууларда маанилүү чыгармалардын чыгарына ишенгенин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар