Түркия 217 миң 500 тонна токой жаңгагын экспорттоду
2015-2016 экспорт сезону 1-сентябрда башталды
373219
Карадеңиздин токой жаңгагы боюнча экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Севинч 2014-жылдын 1-сентябрында башталган экспорт мезгилинин 2015-жылдын 31-августунда аяктаганын билдирди.
Аты аталган мезгилде 100дөн ашуун өлкөгө жасалган токой жаңгагы экспортунун көрсөткүчтөрү такталганын сөз кылган Эдип Севинч: «2014-2015 экспорт мезгилинде 217 миң 500 тонна токой жаңгагын экспорттодук. Андан орто эсеп менен 2,9 миллиард доллар киреше түштү»,-деди.
Севинч 2015-2016 экспорт сезонунун болсо 1-сентябрдан тарта башталганын баяндады.