Давутоглу Бахчели менен бүгүн жолугат

Эки партиянын жетекчиси Түркия Улуу Улуттук Парламентинде жолугат.

330299
Давутоглу Бахчели менен бүгүн жолугат

Давутоглу-Бахчели жолугушуусу бүгүн болот.
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, премьер-министр Ахмет Давуоглу, өкмөт куроо иштери боюнча бүгүн саат 14:00тө Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели менен Түркия Улуу Улуттук Парламентинде жолугат.
Өкмөт башчы Давуоглу, Бахчели менен боло турган жолугушууда «алдын ала эч кандай шарт койбостон сүйлөшүүнү» пландап жатат.
Эки партиянын орток жана макулдаша ала турган жагдайларына көңүл буруусу көздөлгөн жолугушууда Давутоглунун «Орток жана макулдашылган темалардын алкагында өкмөт куроо же болбосо шайлоого баруу менен катар бир топ альтернативаны» күн тартипке алып чыгуусу күтүлүүдө.
Давутоглу Жумурият элдик партиясы менен болгон коалиция сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпаган соң Бахчели менен жолугушуу талабын кылган.
Давутоглунун жолугушуу талабына Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчелиден оң жооп келди жана жолугушуунун 17-август дүйшөмбү күнү саат 14:00дө өткөрүлүшүнө чечим чыгарылган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар