Түркияга 3 мүнөттө виза алса болот

Жылдын биринчи жарымында 3 миллиондон ашуун чет өлкөлүк 3 мүнөттүн ичинде Түркия визасын алды.

382063
Түркияга 3 мүнөттө виза алса болот

Чек ара капкалары жана аэропорттордогу кезектердин соңуна чыгарылышы үчүн аткарылып жаткан электрондук визага кайрылуу системасы (e-Vize) менен жылдын биринчи жарымында 3 миллиондон ашуун чет өлкөлүк 3 мүнөттүн ичинде Түркия визасын алды.
Тышкы иштер министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда быйыл эң көп виза берилген өлкөлөрдүн арасында Англия, Нидерландия, Ирак, Бельгия жана АКШ болду.
Буга кошумча е-Виза кайрылуусу жасалган веб барак «www.evisa.gov.tr» кытай, нидерланд жана араб тилдеринде кызмат бере баштады. Ушундайча бул барак кызмат берген тил саны тогузга жетти. Норвегия тилинде кызмат берилиши үчүн да эмгектенүүлөр уланууда.
Өзгөчө Азияда эң көп колдонулган төлөө системасы болгон UnionPayдин системага интеграция болушу менен UnionPay карточкалары менен е-Виза алынышы да мүмкүн кылынды.
«www.evisa.gov.tr» аркылуу орто эсеп менен 3 мүнөттүн ичинде е-Виза алынса болот. Туризм жана соода максаттуу саякаттар үчүн Түркия визасы, тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү өкүлдүктөрүнөн, чек ара капкаларынан жана е-Визага кайрылуу системасы аркылуу алынууда.
Чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө жасалган виза кайрылуулары бүткүл чет элдиктерге ачык болсо, чек ара капкаларынан жана е-Виза системасы аркылуу кайрылуулар белгилүү гана өлкөнүн атуулдары үчүн керектүү айрым шарттарды орундатуулары менен мүмкүн борлот.
Кайрылуучулар интернет байланышы болгон бардык жерден жана ар дайым күбөлүк, саякат документи, саякат күндөрүнө байланыштуу бош жерлерди толтуруп, виза акысын онлайн аркылуу төлөгөндөн кийин е-Визаларын ала алышат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар