Греция Түркияга 100 миллион доллар карыз болду

Түркия Эл аралык Арбитраждык сотто ачкан доодо жеңип чыкты

381447
Греция Түркияга 100 миллион доллар карыз болду

Түркия Грециядан 100 миллион долларлык жаратылыш газ аларына байланыштуу Эл аралык Арбитраждык сотто ачкан доодо жеңип чыкты.
Энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Танер Йылдыз Түркия 4 жыл мурда ачкан доодо эл аралык сотто жеңип чыкканын билдирди.
Йылдыз : «Грециянын бул кыйын мезгилинде жардам берүүнү каалар элек. Бирок билесиздер өлкөбүздүн, калкыбыздын кызыкчылыгы алдыңкы планда болгондуктан жана биздин милдетибиздин да ушул кызыкчылыктарды коргоо боюнча жүргүзүлгөнүн айтуум керек»,- деди. Йылдыз БОТАШ менен Грециянын улуттук фирмасы ДЕПАнын ортосунда эсеп кысаптын болорун жана чечимдин билдирилерин белгилеп, бул сандын 100 миллион долларга жакын болушу мүмкүн экенин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар