Эрдоган: "Өлүмдөн качкандарга каалгабыз ачык"
Түркиянын Кобани калкына жардамдары уланууда.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Бирлик фондунун Анкара кеңсесинин ооз ачуу программасында сүйлөгөн сөзүндө, Жакынкы Чыгыштагы окуяларга секталык көз караш менен карабаганадрын айтты.
Эрдоган Сириянын Кобани районуна карай ДЕАШтын террордук кол салууларына токтолуп, куттуу Рамазан айында карапайым жарандарды бутага алган ислам менен эч кандай орток жактары болбогон террордук уюм экенин белгилеп кетти.
Эрдоган: «Түркия террордон жана террор уюмдарынан абдан көп зыян таркан өлкө. Сириядагы окуяларга эч качан этникалык көз караш менен, секталык көз караш менен караган жокпуз, учурда да андай карабайбыз»-деп айтты.
Түркиянын дүйнөдөгү бардык карапайым калкка кучак жайганын баса белгилеген Эрдоган, Кытай башкаруучулугунда кысымдарга дуушар болгон уйгур түрктөрүнүн маселелеринин чечилишинде да роль алгандарын айтты. Эрдоган уйгур түрктөрү жашаган аймактарга барганын жана мекендеринен ажыраган миңдеген уйгур түркүн атуулдукка кабыл алгандарын сөз кылды.
Карапайым калкка колдоо көрсөтүү темасында этникалык жана диний айырмачылык кылбагандарын баса белгилеген Эрдоган: «Өлүмдөн качкандарга каалгабыз ар дайым ачык»-деди.
Эрдоган акыркы 5 айда Кобаниге 2 миң жүк ташуучу унаа менен гуманитардык жардам жөнөткөндөрүн баса белгилеп: «Ушул убакка дейре болгону сыяктуу мындан кийин да Сирияда жана Иракта жашаган туугандарыбызга ар дайым жардам берүүбүздү, колдоо көрсөтүүбүздү улантабыз»-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Болат: «Стамбулдун глобалдык электрондук экспорт саммити кызматташуунун жаңы эшиктерин ачты»
Стамбул Глобалдык электрондук экспорт саммити 4-5-сентябрда уюштурулду.
Муглага келген туристтердин саны өстү
Шаарга жылдын 8 айында 2 миллион 617 миң 473 чет элдик турист келген.