Түркиядан кыймылсыз мүлк сатып алуу

Түркияда кыймылсыз мүлккө инвестиция салган чет элдиктердин саны 136 миң 967 кишиге жетти

319611
Түркиядан кыймылсыз мүлк сатып алуу

Түркияда кыймылсыз мүлк ээси болгон чет элдиктердин башында англистер менен орустар турат. 36 миң 478 англис жана 13 миң 590 орустун Түркияда кыймылсыз мүлкү бар. Айрыкча 13 миң 192 немис, 8 миң 272 норвегиялык, 5 миң 945 ирландиялык, 5 миң 543 даниялык, 5 миң 538 голландиялык, 4 миң 803 ирактык, 4 миң 672 бельгиялык жана 4 миң 39 кувейттик Түркияда кыймылсыз мүлк сатып алды. Кыймылсыз мүлк сатып алууну каалаган чет элдиктер Антальяны тандашууда.
Чет элдиктер үчүн экинчи тандалган жер Мугла. Чет элдиктер Мугладан кийин Айдын, Стамбул, Мерсин, Измирден кыймылсыз мүлк сатып алышууда. Бурса, Ялова, Анкара жана Сакария да чет элдиктер кызыккан шаарлардын арасында орун алды.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар