Ванда 4, 5 баллдык жер титирөө болду

Саат 1. 35те эпицентри Ван шаары болгон 4, 5 баллдык термелүү белгиленди

316155
Ванда 4, 5 баллдык жер титирөө болду

Премьер – министрликтин апаат жана чукул абал башкаруу төрагалыгынын расмий интернет сайтынан алынган маалыматка караганда саат 1. 35те эпицентри Ван шаары болгон 4, 5 баллдык термелүү белгиленди.
Жердин 19, 36 километр тереңдигинде болгон жер титирөө кээ бир райондор менен Битлис, Татван, Ахлат жана Адилжевазда да сезилди.
Дүрбөлөңгө жол ачкан жер титирөөдөн кийин облустук апаат жана чукул абалдар директорлугунун топтору чыгымдардын болуп же болбогонун аныктоо үчүн ишин баштады.
Апаат жана чукул абалдар директорлугунун топтору ушул кезге чейин өздөрүнө кандайдыр бир маалыматтын келбегенин белгилеп, иликтөөлөрдүн улантыларын айтышты.
Ошол эле учурда биринчи жер титирөөдөн 8 минутадан кийин да 3, 2 баллдык экинчи термелүүнүн да болгону белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар