Өкмөт арызды кабыл алды

Президент Эрдоган министрлер кеңешинен берилген арызды кабыл алды

299610
Өкмөт арызды кабыл алды

Президент Р. Т. Эрдоган министрлер кеңешинин премьер – министр Ахмет Давутоглу тарабынан сунушталган арызын кабыл алды. Премьер – министр Давутоглу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын борборунда кээ бир жогорку мартабалуу башкаруучулар жана министрлер менен ар башка жолугушууларды өткөргөндөн кийин президенттик сарайга барды. Жолугушуу басма сөзгө жабык түрдө өткөрүлдү. Президенттик басма сөз борборунан жасалган жазуу түрүндөгү маалыматта президент Эрдогандын жолугушууда министрлер кеңешинин премьер – министр Давутоглу тарабынан сунушталган арызды кабыл алганы билдирилди. Эрдогандын министрлер кеңешине ушул күнгө чейин берген кызматы үчүн рахмат айтканы белгиленген маалыматта өкмөт жаңы кабинет курганга чейин кызматын улантуусун суранганы да белгиленди. Эми болсо бардык көңүлдөр Жогорку Шайлоо Комиссиясына бурулду.
Жогорку Шайлоо Комиссиясы оболу 7- июндагы шайлоого карата нааразычылыктарга баа берет, 19 – 20 - июнда да расмий жыйынтыктар билдирилет. Президент Эрдоган расмий жыйынтыктардын билдирилишинен кийин өкмөттү куруу милдетин Ахмет Давутоглуна берет.
Адилеттик жана өнүгүү партиясы шайлоодо жалгыз өзү өкмөттү куруу мүмкүнчүлүгүнө жете албагандыктан Давутоглу парламентке кирген башка партиялардын лидерлери менен сүйлөшүп коалиция ыктымалдарын карап чыгышат. Конституция боюнча милдет берилгенден кийин 45 күндүн ичинде өкмөт курулушу керек.
Давутоглу өкмөттү кура албаса президент добуш катнашына карата жаңы милдеттендирме берет. Бир тараптан Республикалык Элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу шайлоо жыйынтыктары тууралуу көз караштарын социалдык медиа аркылуу бөлүшүп, эрте шайлоо ыктымалы үчүн «убакыт жоготуу» деп баа берди. Кылычдароглу : «Биздин милдетибиз калкыбыздын пайдаларынын негизинде бир жетекчиликти белгилөө»,- деди.
Улуттук Кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели болсо коалиция түзүүнү ойлонуу менен партияда бардык сценарийлер кенен түрдө каралууда. Кулисаларда Улуттук Кыймыл партиясынын «кызыл сызыктарын» сактап калуу менен коалиция сүйлөшүүлөрүнө жашыл жарык жагышы мүмкүн экени белгиленүүдө. Калктардын демократиялык партиясынын кош төрагасы Селахаттин Демирташ болсо, Адилеттик жана өнүгүү партиясы - Республикалык элдик партиясы коалициясы жолунун талкуулануусу керектигин белгилеп, шайлоочулардын да тандай турган жолунун ушул жолдо экенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар