ТИКА Афгнастанда мектеп салдырууда
ТИКА Афганстандын Мезар – ы Шериф шаарында 42 калсстык мектеп салдырууда
Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги төрагалыгы ТИКА Афганстандын түндүк аймактарынан Балхтын борбордук Мезар – ы Шериф шаарында мектеп салдырууда. Афганстанда билим берүүдөн, саламаттык сактоо, жолдордун курулушунан аял проектилерине чейин бир топ тармакта миллиондогон долларлык проектини жүргүзгөн ТИКА Мезар – ы Шерифте эркек лицейи менен миңдеген окуучунун билим алуусуна салымын кошот.
ТИКА Мезар – ы Шериф координатору Кемал Кадир Карадоган ТИКАнын билим берүү, саламаттык, дыйканчылык, маданият, социалдык жана экономикалык тармактарда Афганстандын өнүгүүсүнө карата проектилерди жүргүзгөнүн айтты. Карадоган : «Билим берүү тармагында жүргүзгөн проектилердин негизинде Бахтар лицейинин курулушуна өткөн жылы апрель айында баштаганбыз. Алдыбыздагы июнь айында да мектепти өткөрүп алабыз»,- деди.