Чет өлкөдөн түздөн-түз эл өкүлү шайланат

Чавушоглу Европадагы түрк ишкерлеринин жашап жатышкан өлкөлөрдөгү экономикаларга маанилүү салым кошкондорун баса белгиледи.

288892
Чет өлкөдөн түздөн-түз эл өкүлү шайланат

Нидерландияда жүргөн Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу чет өлкөлөрдө шайлоо участкалары камсыздалышы үчүн техникалык жана укуктук иштер уланып жатканын айтты.
Чавушоглу Бүткүл өнөр жайчы жана ишкерлер коомунун Гаагада уюштурган жыйналышында, Нидерландияда иш алып барган түрк ишкерлери менен катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушту.
Мевлүт Чавушоглу бул жердеги сөзүндө Түркиядагы шайлоолордо чет өлкөдө жашаган мекендештердин добуш бере алышкандарын эске салгандан кийин: «Бирок сиз «Биз келечектеги шайлоолордо өзүбүздүн шайлоо участкабыз болушун каалайбыз, түздөн-түз Анкарага эл өкүлү жөнөткүбүз келет» деп жатасыздар». Ал үчүн техникалык жана укуктук иштер уланууда. Эмдиги шайлоодо Нидерландиядан, Германиядан, Европанын ар башка жерлеринен атуулдарыбыз өз эл өкүлдөрүн шайлап Анкарага жөнөтүшөт»-деди.
Министр Чавушоглу сөзүндө Европадагы түрк ишкерлеринин жашап жатышкан өлкөлөрдөгү экономикаларга маанилүү салым кошкондорун баса белгиледи.
Чавушоглу Нидерландиядагы ишкерлерди акыркы жылдарда чоң өнүгүүгө ээ болгон Түркияга да инвестиция салууга чакырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар