Давутоглу Германиянын мектеп программасын сынга алды

Ахмет Давутоглу 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу Германиянын мамилесин сындады.

260325
Давутоглу Германиянын мектеп программасын сынга алды

Германиянын Дортмунд шаарында мекендештер менен жолуккан премьер-министр Ахмет Давутоглу 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу Германиянын мамилесин сындады.
Германиянын Парламентине кайрылган Давутоглу, 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу дооматтардын кайрадан мектеп программасына киргизилишине катуу каршылык көрсөтүп: «Өз тарыхтарына карабагандар бизге сабак берүүгө киришишсе ачык жана так айтып коеюн тарыхыбызды, намысыбызды талашка салбайбыз»-деди.
Өкмөт башчы Давутоглу үчүнчү жактар менен эч нерсени талашпай тургандарын белгилеп: «Муну мектеп программасына киргизели, Германиядагы жаңы муундар үйрөнүшсүн» деп жатышса, туугандарым «интеграция жеңил болсун» десеңер, ошол мектеп программасын окутпай коюу сиздин милдетиңиз. Эч ким биздин балдарга биздин тарыхыбызга акаарат кылган мектеп программасын окута албайт. Пикир эркиндигине макулбуз, сындоолорго даярбыз, ал эми акааратка жана тарыхты бурмалоого эч качан макул болбойбуз»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар