Сабиха Гөкчен аэропортунан 3 жаңы каттам

Түрк аба жолдорунун Сабиха Гөкченден учкан тышкы каттамдарынын саны 20га жетти.

251528
Сабиха Гөкчен аэропортунан 3 жаңы каттам

Түрк аба жолдору Сабиха Гөкчен аэропортунан Рим, Штутгарт жана Кельнго каттамдарын баштады.
Ушундайча Түрк аба жолдорунун Сабиха Гөкченден учкан тышкы каттамдарынын саны 20га жетти.
Жуманын жети күнү эки тараптуу түрдө жүргүзүлө турган Сабиха Гөкчен-Рим каттамдарында жүргүнчүлөр бардык салыктар менен катар барып-келиш 111 евродан башталган баалар менен саякат кыла алышат.
Сабиха Гөкчен аэропортунан Кельнго жуманын беш күнү, Штутгартка болсо дүйшөмбү, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү эки тараптуу түрдө жүргүзүлөт.
Жүргүнчүлөр Кельн жана Штутгартка бардык салыктар менен катар барып-келиш 139 евродон башталган баалар менен саякат кыла алышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар