Эрдоган Европа Парламенти менен папаны сынга алды

Эрдоган: "Түркиянын армяндарга кучак жайганын көрбөй жатасынарбы абийирсиздер!"

241450
Эрдоган Европа Парламенти менен папаны сынга алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Европа Парламентинин армяндардын акысын, укугун коргоо сыяктуу максаты болбошу керектигин айтты.
Европа Биримдиги парламентинде армяндарды көчүрүүнүн 100 жылдыгын шылтоо кылып, кайрадан жана дагы күчтүү түрдө Түркияга кол салууга жана улутту жамандоого белсенгендерин айткан Эрдоган, папа Францисктин жалган жалаасына да дароо жооп кайтаргандарын белгиледи.
Европа Парламентинин 1915-жылдагы окуялар темасында армян лоббисинин негизсиз дооматтарын колдоого алган чечим чыгарганын баса белгилеген Эрдоган, бул токтомдун эч кандай мааниси жоктугун белгилеп өттү. Эрдоган: «Бул маселени тарыхты өз пайдубалынан ажыратып саясатташтыруу баарынан көп армяндардын өздөрүнө зыян тийгизет»-деди.
Армяндар менен жакын же алыстан тиешеси болбогондордун 1915-жылга байланыштуу ачыктоо жасоолорунун алардын мойнундагы милдет болбогонун шилтеме кылган президент: «Өлкөмдө, 40 миңдей Түркия атуулу армян бар. Армениядан качып өлкөбүзгө келген, конок болуп жүргөн армяндар да бар. Аларга кожоюндук кылып жатабыз. Буларды көрбөйсүңөрбү абийирсиздер?-деп, Европа Парламентин жана Папаны сындады.
Армяндар менен эч кандай маселери жок экенин белгилеген Эрдоган: «Биз менен жана армян туугандарыбыз менен маселеси болгон армян диаспорасы»-деди.
Эрдоган, Түркия катары көп жолу Арменияга кол сунгандарын, жакшы ниеттерин ортого салгандарын, ал эми Армениянын болсо диаспоранын жана башка мамлекеттердин көкүтүүсүнөн чыгып өз саясатын жүргүзө албагандыгы үчүн жыйынтык ала албаганын белгилей кетти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар