Түркиянын Европа Парламентин эскертүүсү

Түркия Европа Парламентинде текстти кабыл алгандарга ишенбей турганын билдирди.

237774
Түркиянын Европа Парламентин эскертүүсү

Европа Парламентинин 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армян дооматтарына колдоо көрсөткөн жана Түркияга армян тезистерин кабыл алуусу чакырыгын салган токтом долбоорун бир добуштан кабыл алуусуна Түркия дароо жооп кайтарып: «Бул текстти кабыл алгандарга ишенбейбиз»-деп айтылды.
Тышкы иштер министрликтин жарыясында Түркия-ЕБ карым-катнаштарына тоскооолдук кылганы менен таанылган Европа Парламентинин кайрадан тарых жазууга киришкени баса белгиленди.
«Бул киришүү, түрктөргө каршы армян пропагандаларын үтүр чекитине чейин кайталаган, 2015-жылы 15-апрелдеги күлкүлүү тексти менен жыйынтыкталды»-деп айтылып, «Европа Парламенти кабыл алган токтом менен убагында эл аралык укукка шайкеш келбеген түрдө өз жоопкерчилигинен ашкан жаңылыштыкты кайталады. Тарыхты жана укукту тебелеген бул текстти кабыл алгандарга ишенбейбиз»-деген сөздөр айтылды.
Анда, «Ар өңүттөн окшошуна аз кездешилген «чындыкка коошпогон» бул текстти, аты аталган мекемеге, келечекте эстегиси келбей турган документтердин арасында орун алышы үчүн өзүндөй кайра кайтарабыз»-делди.
ЕБнин башкы принциптери эске салынган ачыктоодо, токтомго колдоо көрсөткөн саясатчыларга, жек көрүү, кек сактоо жана кагылышуу маданияты менен тамактангандар менен курган өнөктөштүктөрүндө ийгилик кааланды.
Европа Парламентинин тандаган жана бир жактуу мамилесинин Түркиянын Европа Биримдиги менен болгон карым-катнашына зыян тийгизгенине көңүл бурулган ачыктоодо, мунун Түркия менен Армениянын ортосундагы маселеге чечим табуудан алыс болгонуна көңүл бурулду.
Бул токтомдун жеке гана маалыматсыздык жана караңгылык менен ачыктала албай турганын, анын артында диний жана маданий фанатизм жана көзгө албоочулук жатканы белгиленип, «Европа парламенти Европа калктарынын арасында орток келечектин курулушуна салым кошкусу келсе, мунун ар башка дин жана маданияттарды четке кагып аткарылышынын мүмкүн болбой турганын билиши зарыл»-деген сөз жазылды.
Анда 1915-жылдагы окуялар темасында Түркиянын акыркы жылдарда эстөө милдетин туура аткарып жатканы белгилүү экендиги, Армениянын да эң кыска убакта ушундай жетилгендик деңгээлине жетилиши үмүт кылынганы белгиленди.
Тышкы иштер министрлигинин жарыясында, Европа Парламентинин мүчөлөрүнүн 1915-жылдагы маселеси менен алектенүүдөн мурда өз тарыхы менен беттешүүсү пайдалуу болооруна көңүл бурулду.
Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр да токтомдун Түркия жана түрк калкы үчүн кажети жок экендигин айтты.
«Европа Парламенти бөлүүчүлүк кылып 1-Дүйнөлүк согушта түрк жана мусулмандар дуушар болгон зулумдукту көрмөксөнгө салууда»-деп айткан Бозкыр, парламенттердин милдетинин тарых жазуу эмес, чыныгы жана туруктуу чечим табууну өндүрүү болгонун баса белгиледи.
Бозкыр ЕПнын бул токтому менен тарыхты саясатка шайман кылганын белгилеп: «1915-жылдагы окуяларды геноцид катары мүнөздөө жалаадан башка эч нерсеге жараган жери жок»-деп айтты.
Вице-премьер Ялчын Акдоган болсо каршы чыгуусун социал медиа аркылуу жарыялап, «Европа Парламенти баалуулугу, туруштугу болбогон токтому менен сөзүнүн өтүмдүүлүгүн жоюуда. Лайлайлом менен олуттуу темалар карала албайт. ЕПнин акылы, күчү, көз карашы бар болсо, тарых чайкоочулугун таштасын, учурубузда болуп жаткан жагдайларга байланыштуу мамиле кылсын»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар