Ван көлү 600 миң жашта

Ван көлүнүн түбүндө чоң өлчөмдө 600дөн ашуун жер титирөө жана вулкандык кыймылдуулуктун бар экени аныкталды

232713
Ван көлү 600 миң жашта

Дүйнөдөгү климаттык өзгөрүү жана глобалдык ысуунун себептерин иликтөө максатында 12 өлкөдөн 36 илимпоз жүргүзгөн иликтөөдө андан мурда 400 миң жылдык деп белгиленген Ван көлүнүн жашы 600 миң жыл деп белгиленди.
Жүзүнчү Жыл университети, Стамбул техникалык университети, Германиядан Бремен жана Бонн университеттери менен Швейцария экологиялык илимдер иниституту биргелеше жүргүзгөн, ТҮБИТАК жана Эл аралык кургактык илимий бургулоо программасы (ICDP) тарабынан колдоого алынган проектинин негизинде көлгө курулган платформалар менен иш жүргүзүлдү.
Көлдүн 700 метрдей тереңдигинен алынган үлгүлөрдүн иликтенүүсү менен Ван көлүнүн жашынын 600 миң жыл экени белгиленди. Илимпоздор тарабынан 11 жыл мурда баштатылган Палео - Ван проектисинде Ван көлүнүн түбүндө чоң өлчөмдө 600дөн ашуун жер титирөө жана вулкандык кыймылдуулуктун бар экени аныкталды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар