Түркия - Чех республикасынын экономика комиссиясынын жыйыны өттү

Али Бабажан эки өлкөнүн ортосунда энергетиканын негизги бир кызматташтык тармагы экенине көңүлдөрдү бурду

232468
Түркия - Чех республикасынын экономика комиссиясынын жыйыны өттү

Вице – премьер Али Бабажан Түркия – Чех республикасынын 6 - мезгилдик биргелешкен экономика комиссиясынын жыйынынын борбор шаар Анкарадагы жабылуу отурумуна катышты. Эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган 6 - мезгилдик протоколуне баа берген Бабажан : «Азыркы учурда 3 миллиард 300 миллион доллар болгон соода көлөмүн 2017 - жылга чейин 5 миллиард долларлык максатка жетүүнү пландап жатабыз»,- деди. Али Бабажан эки өлкөнүн ортосунда энергетиканын негизги бир кызматташтык тармагы экенине көңүлдөрдү бурду.
Транспорт, өнөр жай, дыйканчылык, туризм, саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу бир топ тармакта да маанилүү кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү экенин баса белгилеген Али Бабажан кол коюлган протоколдун булардын баарын ылдамдатарын ойлогонун сөздөрүнө кошту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар