Президент экономика боюнча маалымат алды

Түркияда экономиканын пайдубалдарынын абдан бекем болгонуна шилтеме кылынды.

259642
Президент экономика боюнча маалымат алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган экономикадагы абал туурасында вице-премьер Али Бабажан жана Борбордук банктын төрагасы Эрдем Башчыдан маалымат алды.
Президенттик сарайда эки жарым саатка созулган маалыматтандырууда, коопсуздук жана ырааттуулук чөйрөсүнүн корголушунун зарылдыгы дагы бир жолу баса белгиленди.
Процесс жакындан байкалып жатканы жана керектүү чаралар көрүлүп жатканы белгиленип, Түркияда экономиканын пайдубалдарынын абдан бекем болгонуна шилтеме кылынды.
Борбордук банктын интернет барагына коюлган 130 барактык баяндамада көзгө урунган алгачкы жана маанилүү тема пайыздардын төмөндөтүлүшү болду.
Эрдем Башчы пайыздардын төмөндөшү үчүн ырааттуулук жана ишенимди арттыруучу кадамдардын ташталышы керектигин баса белгилеп, ырааттуулук жана коопсуздук чөйрөсү болсо пайыздар төмөндөй турганына белги берди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар