Ахмет Давутоглу өлкө тышы сапарын АКШда улантат

Давутоглунун жолугушууларында Түркиядагы финансы жана инвестиция чөйрөсүнө баа берет

245434
Ахмет Давутоглу өлкө тышы сапарын АКШда улантат

Премьер – министр Ахмет Давутоглу өлкө тышы сапарларын АКШ менен улантат. Давтуоглу Португалиядан кийин бара турган Нью – Йоркто экономика дүйнөсү менен жолугушат. Нью – Йоркто инвестиция фирмаларынын өкүлдөрү менен жолугуша турган Давутоглунун жолугушууларында Түркиядагы финансы жана инвестиция чөйрөсүнө баа берилет. Премьер – министр Давутоглу чоң жыйырмалардын кезектешкен башчысы сыпаты менен Түркиянын экономика саясаттарындагы алдыңкылыктарынан сөз кылат.
Түркия жасаган иш чаралары менен Стамбулдун дүйнөнүн эң чоң 5 финансы борборунун бири болушун максат кылууда. Премьер – министр Давутоглу эң көп экономикага орун бериле турган Нью – Йорк сапарында БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушат. Жолугушууда Давутоглу жана Пан Ги Мун аймактык жана глобалдык маселелерди карашат жана чечүүчү жол тууралуу сүйлөшүшөт. Премьер – министр Давутоглу бүткүл дүйнөлүк аялдар күнү иш чараларынан улам БУУнун жалпы кеңешине кайрылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар