Мусулман өлтүрүлдү, үн каткан жок

Президент Эрдоган АКШнын Түндүк Каролина штатында үч мусулмандын өлтүрүлүшүнө байланыштуу катуу сөз айтты.

217791
Мусулман өлтүрүлдү, үн каткан жок

Президент Режеп Таййип Эрдоган АКШнын президенти Барак Обамага үч мусулмандын өлтүрүлүшүнө байланыштуу ачыктоо жасабаганынын себебинен каршылык көрсөттү.
Президент Эрдоган: «Үч бир тууган үйүндө өлтүрүлдү.Өлкөнүн жооптуусу президент эчтеке айткан жок. Кайдасыз президент?»-деди.
Эрдоган кечээ Латын Америка турунун акыркы аялдамасы Мексикада жолугушууларды өткөрдү.
Эң оболу Улуттук Мекен эстелигине гүлчамбар койгон Эрдоган, андан соң Мексиканын президенти Энрике Пеньян Ньето тарабынан расмий азем менен тосулду.
Өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык келишимдерине кол коюлду.
Президент Эрдогандын АКШнын Түндүк Каролина штатында үч мусулмандын өлтүрүлүшүнө байланыштуу катуу сөз айтышы, биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынына тамгасын бастырды.
Президент АКШнын президенти Обамага үн салып: «Үч бир тууган үйүндө өлтүрүлдү. Ал өлкөнүн президенти үн каткан жок. Обамага кайрылуудамын кайдасыз президент? Мамлекеттик катчы, вице-президент Байден кайдасыз?»-деди.
Президентине элдин жан жана мүлк коопсуздугу сакталсын деп добуш берилгенин белгилеген Эрдоган: «Биз саясатчылар өлкөбүздө кылынган кылмыштарга жооп беришибиз керек. Ага каршылык көрсөтүшүбүз керек. Үн катпай калсаңыз дүйнө жүзү да сизге үн катпай калат»,-деп айтты.
Бул олуттуу ачыктоолордон кийин президент урматына берилген түшкү тамакка өттү, андан соң Мексиканын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Матиас Ромеро» институтуна барды.
Президент институттагы сөзүндө да Обамага каршы чыгуусун улантты.
Бириккен Улуттар Уюмуна карай сындоолорун да Израиль жана Сирия аркылуу сөз кылган Эрдоган: «Жакынкы Чыгышта кан көлдөп жатканда БУУнун кылган бир нерсеси барбы? Сирияда 350 миң киши каза болду, Бириккен Улуттар Уюму кайда? Жок. Израиль Газаны атып жатат, БУУ кайда? Жок!»-деди.
Президент Эрдоган 5 туруктуу мүчө сөз эси болгон Бириккен Улуттар Уюмунун реформаланышынын кечеңдетилгис муктаждык болгонун айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар