Могадишу кол салуусунда 3 полиция каза болду

Кол салуунун түрк делегациясына карата жасалып же жасалбаганы белгисиз

194817
Могадишу кол салуусунда 3 полиция каза болду

Сомалинин борбор шаары Могадишуда түрк делегациясы да калган бир мейманканын алдында бомба жайгаштырылган унаа менен жасалган жан кечтилик кол салууда 3 полиция каза болду. Кол салууну жасаган 2 террористтин да каза болгону билдирилди. Президент Эрдогандын зыяратына даярдык көрүү үчүн өлкөгө барган түрк делегациясындагы кишилердин ден соолугунун жакшы экени белгиленди. Кол салуунун түрк делегациясын бутага алып же албаганы азырынча белгисиз. Болгон окуяга карабастан президент Эрдогандын программасында өзгөрүү болгон жок.

Тышкы иштер министрлиги окуяга байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди. Анда түрк делегациясында  жан жоготуунун болбогону билдирилип, Сомали мекемелеринин коопсуздукту күчтөндүргөнү белгиленди. Ошол эле учурда кол салуунун жоопкерчилигин Аль Каида менен байланышы болгон Ешшебаб моюнга алды. Уюм  Могадишуда  2013 -  жылы июнь айында да түрк элчилигинин кошумча имаратынын алдында жан кечтилик кол салуу жасаган. Кагылышууда  полиция кызматкери Синан Йылмаз шейит болгон. Бул окуядан бир жылдан кийин шаардагы түрк аба жолдору бюросунда коопсуздук шефи  Садеттин Доган учураган куралдуу кол салууда каза болгон. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар