Анкара Ирактын премьер – министри Хайдар Ел Абадини тосуп алды

Ел Абади Түркия – Ирак Жогорку Деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин экинчи жыйыны үчүн кечээ Түркияга келди.

160669
Анкара Ирактын премьер – министри Хайдар Ел Абадини тосуп алды


Ирактын премьер – министри Хайдар Ел Абади жана делегациясы мавзолейди зыярат кылгандан кийин Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Жемил Чичек тарабынан кабыл алынды.
Жолугушууда аймакта улантылып жаткан террор маселеси каралды. Ирактын премьер – министри премьер – министр Ахмет Давутоглу тарабынан да премьер – министрликтин борбордук имаратында азем менен тосулуп алынды. Давутоглу жана Абади Жогорку Деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин отурумуна катышты, андан кийин биргелешкен пресс – жыйын өткөрүлдү. Премьер – министр Ахмет Давутоглу Ирак коопсуздук күчтөрүнө ИШИМ менен күрөшүүдө берилген колдоонун улантыларын белгиледи.
ИШИМге кошулуу үчүн аймакка келген чет элдик күрөшчүлөргө Түркиянын унчукпастан калбаганын да баса белгилеген Давтуоглу : «Ирак ирактыктарга, Сирия сириялыктарга таандык» ,- деди.
Түркиянын террор менен күрөшүү тууралуу Иракка берген колдоо үчүн рахмат айткан Ирактын премьер – министри Абади да өлкөсүнөн Түркияга карата бир коркутуунун келүүсүнө уруксат беришпей турганын айтты. Абади Ирак нефтилеринин түрк жерлеринен өтүү менен дүйнөлүк базарга экспорттолуусу тууралуу Анкара менен бирдей көз карашта экенин айтты. Ирактын премьер – министри Абади президент Р. Т. Эрдоган тарабынан президенттик сарайында кабыл алынды. Жолугушууда ИШИМ менен күрөшүүдө кызматташтык жана энергетика кызматташтыгы темалары каралды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар