Европа Биримдиги делегациясы сириялыктарды барып көрдү

Делегация Түркиянын сириялыктарга берген мүмкүнчүлүктөрүнөн улам түрк калкы менен өкмөтүнө рахмат айтты

143419
Европа Биримдиги делегациясы сириялыктарды барып көрдү

Түркияда жолугушууларды өткөргөн Европа Биримдигинин делегация Килистеги контейнер шаарда жашап жаткан сириялыктарды барып көрдү. Европа Биримдигинин тышкы карым - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Федерика Могер жана коштоосундагы делегация кечээ Килистеги Өнжүпынарда жашап жаткан сириялыктардын абалын көрүп, иликтеди. Лагерь тууралуу маалымат алган делегация «Зейтин» бала бакчасынын балдары менен жолугушту. Делегация сириялык аялдар барган токуу курсуна да барды. Делегация Түркиянын сириялыктарга берген мүмкүнчүлүктөрүнөн улам түрк калкы менен өкмөтүнө рахмат айтты. Бир тараптан БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун Сирия атайын өкүлү Стаффан де Мистура да кечээ Газиантепте сириялык оппозициячыл топтор менен жолугушуп, сириялык баш калкалоочу үй – бүлөлөр менен маектешти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар