Жемил Чичек Европа Парламентине кат жолдоду

Жемил Чичек Европа Парламентинин Кипр тууралуу жаңылыш чечим чыгарып жатканын белгиледи.

205322
Жемил Чичек Европа Парламентине кат жолдоду

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы Жемил Чичек Европа Парламентинин Түндүк Кипр Түрк Республикасына байланыштуу токтомунун кабыл алынгыс болгонун айтты.
Чичек Европа Парламенти тарабынан кабыл алынган «Түркиянын Кипрдын өзгөчө чек коюлган экономикалык зонасында чыңалуу жараткан иштери» аттуу токтомунун себебинен Европа Парламентинин төрагасы Мартин Шульцка кат жолдоду.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өзгөчө чек коюлган экономикалык зонасындагы укуктары тууралуу Түркиянын сезимталдыгынан сөз кылган Чичек, «Тилекке каршы сөзү болгон токтом кипрдык түрктөрдүн укуктарын көрмөксөнгө салууда жана кипрдык румдардын башынан бери кем күнөөлөлөрүн чагылдырууда»,-деди.
Европа Парламентинин токтомунун кабыл алынгыс болгонун белгилеген Чичек, «Европа Парламентинин адилеттүү жана тең салмактуу мамиле менен Кипрдын рум тарабын сүйлөшүүлөргө олуттуу түрдө катышуусу жана маселенин чечилишине салым кошуусу үчүн шыктандырылышын күтүүдөбүз»,-деген сөздөр орун алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар