Ливияда колго түшүрүлгөн түрктөр эркин коё берилди

Мусирата аэропортунан учкан жана куткарылган 9 түрктү ташыган Ливия аба жолдоруна таандык учак кечээ Ататүрк аэропортуна конду

191570
Ливияда колго түшүрүлгөн түрктөр эркин коё берилди

31 – октябрда колго түшүрүлгөн 9 түрк жараны 16 күндүк туткундан кийин куткарылды. Мусирата аэропортунан учкан жана куткарылган 9 түрктү ташыган Ливия аба жолдоруна таандык учак кечээ Ататүрк аэропортуна конду. Куткарылган жарандар аэропортто берген маалыматта өлкөгө кайтуу кубанычын билдиришти жана : «Биз үчүн аракет кылган баарына жана өкмөтүбүзгө рахмат айтабыз»,- дешти. Стамбулга келген 9 кишиден алтоосу Аданага барса үчөөсү Хатайга кетишти. Ливиядан чыгуу үчүн 31 - октябрда Бенгазиден Мисуратага барган 9 түрк жараны жолго чыккандан кийин бир группа аскер тарабынан колго түшүрүлгөн. 3 - ноябрда бир жарандын Бенгезиде бир ресторанда иштеген жакындарынан кабар алыша албагандарын билдирүүсү менен тышкы иштер министрлигинин жетекчилери аракетке өткөн. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ бир социалдык бөлүшүү сайтында колго түшүрүлгөн жарандардын кечки сааттарда эркин коё берилерин жана Түркияга келерин билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар