Европа жашылдар партиясы 10 жылдан кийин Стамбулда

Жыйындарда энергетикадан аймак саясаттарына чейин көптөгөн тема сүйлөшүлөт

185285
Европа жашылдар партиясы 10 жылдан кийин Стамбулда

Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр Европа Жашылдар партиясынын кош төрагасын кечээ кабыл алды. Жыйында Түркиянын Европа Биримдигине толук мүчөлүк процесси, Газа башта болуу менен Жакынкы Чыгыш аймагындагы маселелер жана Украина – Орусия араздашуусу темалары каралды.
Жыйындан кийин берилген суроолорго жооп берген кош төрага Моника Фрассони Түркиянын Европа Биримдигинин бир бөлүгү экенин айтты. Процесстин абдан ылдам жылганын белгилеген Фрассони мүчөлүктүн бүтпөшүнөн эки тараптын тең жооптуу экенин айтты. Фрассони : «Жыйынды Стамбулда өткөрүүбүздүн себептеринин бири да муну ордунда сүйлөшүү. Жашылдар катары так түрдө айта аламын Түркиянын Европанын ишенимдүү мүчөсү болоруна ишенем жана ичкериде болгон абалдарга карабастан колдойбуз»,- деди. Европа Жашылдар партиясы Израиль аскерлеринин Месжид - и Аксага жасаган кол салуусуна карата каршылыгын да билдирди. Кош төрагалардын бири Рейнхард Бютикофер Месжид – и Аксанын 3 дин үчүн ыйык жер экенин белгилеп : «Окуянын канчалык маанилүү экени ортодо. Бул жерде эң кичинекей провакациянын болушуна да уруксат берилбейт. Радикалдардын кол салуулары ансыз да токтоп калуу жерине келген тынчтык сүйлөшүүлөрүнө таасирин тийгизүүдө. Жооптуу болгон тараптардын өздөрүнө түшкөн милдетти аткаруусу үчүн чакырамын»,- деди. Европа Жашылдар партиясынын Стамбулдагы жыйыны 2 күнгө созулат. Жыйындарда энергетикадан аймак саясаттарына чейин көптөгөн тема сүйлөшүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар