Давутоглу Израилди Месчид-и Аксадан чыгууга чакырды
Давутоглунун күн тартибинде Израиль аскерлеринин Месчид-и Аксага кириши бар эле.
183458
Израиль аскеринин Месчид-и Аксага киришин варвардык катары мүнөздөгөн премьер-министр Ахмет Давутоглу, бүткүл дүйнөнү жана мусулмандарды Месчид-и Аксаны коргоого чакырды.
Мамлекеттик мекемелерден кечээ брифинг алган өкмөт башчы Ахмет Давутоглунун акыркы аялдамасы улуттук чалгындоо уюму эле.
Брифингден кийин улуттук чалгындоо кызматынын төрагасы Хакан Фидан менен бирге маалымат жыйын өткөргөн Давутоглунун күн тартибинде Израиль аскерлеринин Месчид-и Аксага кириши бар эле.
Давутоглу Израилди катуу сөздөр менен сындады, бүткүл дүйнөнү Месчид-и Аксаны коргоого чакырды.
Түркиянын ар дайым Палестиналыктарды колдогонун баса белгигенен Давутоглу, Иерусалим маселесинин жана Месчид-и Акса маселесинин Түркиянын эң башкы Жакынкы Чыгыш маселелеринен бири болгонун айтты.
Давутоглу Иерусалим бир тынчтык шаары болушу керек болуп турганда Израилдин бул мамилесинин себебинен кагылышуулардын, согуштун жана варвардык көрсөтүлгөн шаар болду. Бүткүл мусулмандарга жана бүткүл дүйнөгө Месжиди-и Аксаны коргоо чакырыгын саламын»,-деди.
Давутоглунун күн тартибиндеги башка бир тема болсо террордун соңуна чыгарылышы үчүн жүргүзүлгөн чечим табуу процесси болчу.
Элдердин демократиялык партиясынын мамилесин сындаган өкмөт башчы, чечим табуу пороцессинин алкагында мамлекеттик тартиптин коркунучка түшүрүлүшүнө уруксат берилбей турганын дагы бир жолу баса белгиледи.
Чалгындоонун маанисине да токтолгон Давутоглу, Улуттук чалгындоонун келип жеткен жерин белгиледи.
Тектеш кабарлар

Селман Өзбояжы БУУнун Парламенттик отурумунда "Turkey" деген кайрылууну "Түркия" деп оңдотту
Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Өзбаяжыга ыраазычылык билдирди.