Эмруллах Ишлер Ливияда жолугушууларды өткөрдү

Түркия саясий кризис менен күрөшүп жаткан Ливия калкынын жанында болууну улантууда

180228
Эмруллах Ишлер Ливияда жолугушууларды өткөрдү

Президент жана өкмөттүн атайын өкүлү Анкара депутаты Эмруллах Ишлер Ливия калкына карата колдоону көрсөтүү үчүн Бейда шаарында кечээ жолугушууларды өткөрдү.
Эмруллах Ишлер Ливиядан кайтуусунда Анкара Эсенбога аэропортунда берген маалыматында жолугушууларда эки тараптын бири бирин дагы жакшы түшүнүү мүмкүнчүлүгүнүн табылганын айтты. Ишлер Ливияда тынчтык жана ырааттуулукту Ливия калкынын түзөрүн, азыркы учурдагы саясий кризистин да диалог процесси менен чечилерин белгиледи. Ишлер бул процессте Ливияга тыштан кийлигишүү ал түгүл аскердик кийлигишүүдө болуунун же өлкөдөгү топтор менен аскердик жардамдын берилишинин тынчтык аракеттерине оор сокку берерин билүүсү керектигин айтты. Эмруллах ишлер Ливия калкын визадан бошотуу жана гуманитардык жардам иштеринин улантыларын, түрк аба жолдорунун Ливияда эки башка шаарга учуу талаптарынын да коопсуздук шарттары иликтенүү менен баа берилерин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар