Хаккариде 3 аскер шейит болду

Хаккаринин Йүксекова районунда белгисиз бирөөлөр тарабынан соода кылып жаткан 3 аскерге ок атылды.

171121
Хаккариде 3 аскер шейит болду

Түркиянын Хаккари областынын Йүксекова районунда белгисиз бирөөлөр тарабынан соода кылып жаткан 3 аскерге ок атылды.
Жырткычтай кол салууда 3 аскер шейит болду.
Полиция кол салгандарды кармоо үчүн аймакта кеңири масштабдуу операция жүргүзүүдө.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Йүксековада куралдуу кол салууда шейит болгон 3 аскер үчүн генштабдын төрагасы, армия генералы Неждет Өзелге көңүл айтуу телеграфын жөнөттү.
Эрдоган телеграфта капа болгонун сөз кылып, азиз шейиттерибиздин үй-бүлөлөрүнө, улутубузга жана Түрк куралдуу күчтөрүнө көңүл айтты.
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы Жемил Чичек да башкы штабдын төрагасына жиберген көңүл айтуусунда жырткычтай кол салууга капа болгонун билдирди.
Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу да Хаккариде шейит болгон 3 аскер үчүн Твиттер аркылуу көңүл айтуусун жарыялап, шейиттердин жаткан жери жайлуу болушун тиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар