БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө  добуш берилет

Түркия Жаңы Зеландия жана Испания менен жарышат

159418
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө  добуш берилет

Саат 17де баштала турган добуш берүүдөн мурда Түркия Сент-Винсенттен, Доминик республикасына, Австралиядан Исландия менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп добуш берүүлөрүн суранды. Беш жыл мурда да талапкер болгон жана жарышта жеңиш менен чыккан Түркиянын максаты дүйнө саясатына форма берген столдо болуу. Аймакта болуп жаткан орчундуу абалдар Түркиянын Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө кайрадан талапкерлигин мажбур абалга алып келди.
Добуш берүүдөн мурда Нью – Йоркто дипломатия жүргүзүлдү. Көптөгөн сүйлөшүүлөрдү өткөргөн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : «Түркиянын эл аралык уюмдардын негизинде жана БУУнун негизинде ойногон ролун баары билет»,- деди. Түркия БУУнун Жалпы Кеңешинде бериле турган добуш берүүдө чечим чыгаруучулардын арасында орун алууну максат кылууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар