Түркияга Кобаниден 172 миң киши келди

Руперт Колвилл кол салуула чек арадан аша турган болсо Түркиянын жооп берерин айтты

150762
Түркияга Кобаниден 172 миң киши келди

БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгынын катчысы Адриан Эдвардс Кобаниден Түркияга келгендердин санынын 172 миңге жеткенин айтты.
БУУнун Женева офисинде өткөрүлгөн пресс – жыйында Кобанидеги акыркы абалдар тууралуу берилген суроолорго жооп берген Эдвардс Түркияда абдан чоң баш калкалоочу массасынын бар экенине көңүлдөрдү бурду. Түркиянын бул кишилер үчүн лагерь курганын жана алардын ичинде жашоосуна мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнүн айткан Эдвардс : «Азыр абдан кыйын мезгил жана Түркия бул шарттарда жасала тургандардан ашыкчасын аткарууда»,- деди.
БУУнун Адам Укуктарынын Жогорку Комиссарлыгынын катчысы Руперт Колвилл да кол салуулар чек арадан аша турган болсо Түркиянын жооп берерине ишенишкендерин белгиледи. Колвилл : «Коңшу мамлекет күчтүү мамлекет жана күчтүү армиясы бар»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар