Документ Түркия Жогорку Улуттук Парламентке сунушталды

Ирак жана Сирия документтери парламенттин төрагалыгына сунушталды

146012
Документ Түркия Жогорку Улуттук Парламентке сунушталды

Документ Ирак жана Сириядагы бардык террордук уюмдардан Түркияга карай багыт алуусу мүмкүн болгон кол салууларга бөгөт болуу максатында. Бейшемби күнү парламентте сөз боло турган документтин мөөнөтү бир жыл деп белгиленди.
Ирак жана Сирия үчүн текст даярдалып жана премьер – министр Ахмет Давутоглу тарабынан кол коюлуп Түркия Жогорку Улуттук Парламентине жиберилген документте : «Түркиянын түштүк кургактык чек арасына жана улуттук коопсуздугубузга карата риск жана коркутуулар, акыркы мезгилде болгон абалдардын натыйжасында олуттуу түрдө күч алды»,- деп айтылды. Документте бул сөздөргө орун берилген : «Ирактын түндүк аймагында куралдуу ПКК террордук элементтери жашоосун улантууда. Бир тараптан Сирия жана Иракта башка террордук элементтердин саны жана ортого салган коркутууларында да абдан маанилүү өсүү байкалууда».
«ИШИМ жана ушуга окшогон террордук уюмдар» деген сөзгө орун берилип Түркиянын ИШИМге каршы позициясында да көңүл бурулган документ тексти Түрк Куралдуу Күчтөрүнө керек болгон учурда чек аранын ары жагына кыймыл жана кийлигишүүдө болуу үчүн чет өлкөлөргө жиберилүүсү жана ошондой эле чет элдик аскерлердин да ошол эле максатка карата Түркияда болушун камтууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар