30 миллион жылдык фосил табылды
Казууларда 60 чоң носорог сөөгү чыгартылды
Чорумдун Сунгурлу районунда бир чабандын билдирүүсү менен бир носорогдун сөөгү табылды. Сөөктүн 30 миллион жыл мурункусуна таандык экени болжолдолууда. Носорогдун сөөгү табылган аймакта Кендерди аныктоо жана изилдөө директордугуна караштуу топтор иштерин баштады. Казууларда 60 чоң носорог сөөгү чыгартылды.
Геология инженери Неше Оял : «Чоң носорог сөөктөрү жетилген эркекке таандык болуп дээрлик скелеттин бардык бөлүктөрү бар. Жетилген эркек носорогдун салмагы 10 тоннадан ашыкча жана желкесинин бийиктиги 5 метрден ашык экени болжолдолууда»,- деди. 30 миллион жыл мурункусуна таандык экени болжолдолгон сөөктөр жаныбарлардын көч жолдору тууралуу белгилерди берүүдө. Иликтөөчүлөр эмгектин эки жылга созуларын билдиришти.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.