Европа Биримдиги боюнча министр Волкан Бозкыр Лиссабондо

Бозкыр Европанын борбор шаарларына сапар жасайт.

121966
Европа Биримдиги боюнча министр Волкан Бозкыр Лиссабондо

Түркия Европа Биримдиги менен сүйлөшүү процессинде активдүү мезгилге кирди.
Европа Биримдиги боюнча министр Волкан Бозкыр Европанын борбор шаарларына болгон сапарын Лиссабондон баштады.
Бозкыр Португалиядагы жолугушууларында Түркияда ишке ашкан реформалар жана ташталган кадамдарды түшүндүрөт.
Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр Португалияда алгач премьер-министр Педро Пассос Коэльо тарабынан кабыл алынат. Вице-премьер Паулу Портас менен да жолугуша турган Бозкырдын Португалия парламентинде да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү күтүлүүдө. 
Европа Биримдиги боюнча министр катары алгачкы сапарын Португалияга жасаган Бозкыр, эртең тышкы иштер министр Руи Мачете менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрөт.
Португалия Түркияга Европа Биримдиги процессинде эң чоң колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн бири.
Bолкан Бозкыр келээрки жумада Брюссель менен Страсбурга сапарын улайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар