Волькан Бозкыр Европа Биримдиги боюнча маалымат берди

Бозкыр: «Эң маанилүүсү Түркиянын Европа Биримдигинин деңгээлине жетиши»,-деп айтты.

113833
Волькан Бозкыр Европа Биримдиги боюнча маалымат берди

Европа Биримдиги боюнча министр Волькан Бозкыр саясий тоскоолдуктар менен ачыла албаган сүйлөшүү темалары үчүн, «Ачылса бактылуу болобуз, бирок дүйнөнүн акыры эмес»,-деди.
Бозкыр: «Эң маанилүүсү Түркиянын Европа Биримдигинин деңгээлине жетиши»,-деп айтып, аткарылып жаткан реформаларга көңүл бурду.
Европа Биримдиги боюнча министр Волкан Бозкыр Португалиянын Анкарадагы элчиси Хохе Кабралды кабыл алды.
Журналисттердин суроолоруна жооп берген Бозкыр ачыла албаган сүйлөшүү темалары тууралуу Европа Биримдигинин мамилесине баа берди.
«Түркия тема ачыш үчүн колунан келген аракетти жумшап жатат, а бирок теманы сүйлөшүүгө ачуу Европа Биримдиги менен карым-катнаштардын толугун бербейт»,деген Бозкыр, «Европа Биримдиги менен карым-катнаштар бир океан болсо, теманы сүйлөшүүгө ачуу кагаздан жасалган яхта болот. Биз 2006-жылы Түркия блоктолгондо ансыз деле бардык темаларды сүйлөшүүгө ачканбыз. Абдан кыска мөөнөттүн ичинде бул темаларды сүйлөшүп бүтүрөбүз. Түркия мыйзамдык жагынан Европа Биримдигинин мыйзамдарынын деңгээлине жеткен болот. Биз жапкан темаларды Европа Биримдиги ачса ал биздин маселебиз катары көрбөйбүз»,деп айтты.
Эң маанилүүсү Түркияны Европа Биримдигинин деңгээлине жеткирүү болгонун баса белгилеген Бозкыр: «Тема ачпастан да бул аткарылса болот»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар