Мехмет Гөрмез Заза Вашакмадзени кабыл алды

Жолугушууда диний билим берүү сөз болду

106154
Мехмет Гөрмез Заза Вашакмадзени кабыл алды

Дин иштеринин төрагасы Мехмет Гөрмез Грузиянын мамлекеттик дин иштеринин төрагасы жана делегациясын кызмат орундугунда тосуп алды. Дин эркиндиги жана диний билим берүүнүн мааниси тууралдуу Гөрмез : «Бир өлкөдө канчалык дин эркиндиги болсо болсун бекем диний билим берүү болбосо ал кишилердин бул эркиндикти колдонуусу мүмкүн эмес»,- деди.
Грузиянын мамлекеттик дин иштеринин төрагасы Заза Вашакмадзе да Грузияда христиандардан кийин эң көп мусулмандардын жашаганын, өзгөчө да диний билим берүү, дин адамдарынын билими жана диний эркиндиктер тууралуу Түркиянын тажрыйбаларынан пайдаланууну каалашкандарын айтты. Дин иштеринин төрагалыгы Грузияда мечиттин курулушу жана Грузиядагы мусулмандардын диний билим алуусу тууралуу маанилүү кадамдарды таштоого даярданууда.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар