Жемил Чичек парламентти кезексиз жыйынга чакырды

Чакыруу баракчасы саясий партиялардын фракцияларына жөнөтүлдү.

99780
Жемил Чичек парламентти кезексиз жыйынга чакырды

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы Жемил Чичек, президенттикке ант берүү аземи үчүн 28-август бейшемби күнү саат 14:00кө парламентти кезексиз жыйынга чакырды.
Жемил Чичектин кезексиз жыйынга чакыруусуна байланыштуу жазуу саясий партиялардын фракцияларына жөнөтүлдү.
12-президент болуп шайланган Режеп Таййип Эрдоган 28-август бейшемби күнү саат 14:00тө Парламенттин жалпы кеңешинде ант берип мандатын алат. Эрдоган парламентте салтанаттуу түрдө тосулуп алынат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар