Европа Биримдиги министри Түркиянын тыңшалганы тууралуу билдирүү

Мевлүт Чавушоглу Түркиянын бардык тармакта аткарган иштеринин так экенин айтты

96992
Европа Биримдиги министри Түркиянын тыңшалганы тууралуу билдирүү

Германиянын Түркияны тыңшаганы тууралуу сөздөр күн тартибиндеги ордун сактап турат.
Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Мевлүт Чавушоглу немис чалгындоосунун Түркияны тыңшады деген сөздөр тууралуу : «Түшүндүрмө берүүлөрү керек»,- деди. Айтылгандар туура боло турган болсо абал абдан кыйын деген Чавушоглу : «Ансыз да тышкы иштери керектүү билдирүүнү жасады. Достор бири бирин угуусу керек. Мындай тыңшалбашы керек»,- деди.
Түркиянын бардык тышкы саясаты да болуу менен экономикалык саясатынын жана жасаган бардык нерсесинин так экенин баса белгилеген Чавушоглу : «Бир мамлекеттин, бир мамлекетти, ал мамлекеттин жетекчилерин тыңшоосу жарашыктуу нерсе эмес. Достугубузга, союздагтыгыбызга жарашпайт»,- деди.
Айтылган сөздөрдүн туура болбошун каалаган Чавушоглу : «Ушул кезге чейин Германиядан да мунун тескерисин айта турган бир маалымат келбегендей эле далилденген нерселер же убактылуу маалыматтар келди. Бул тууралуу олуттуу түшүндүрмө берүүлөрү керек»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар