Газага 45 миллион лиралык жардам берилет

Ишлер газалык жаралуулардын Түркияга алынып келип дарылануулары улана турганын белгилеп өттү.

93882
Газага 45 миллион лиралык жардам берилет

Вице-премьер Эмруллах Ишлер Газанын калыбына келтирилиши үчүн жардамдар улам көбөйүп улана турганын билдирди.
Түрк Кызматтыштык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) газалыктарга жардам таркатканын белгилеген Ишлер, «ТИКА, кол салуулар уланып жатканда 15 миң үй-бүлөгө айлык азык-түлүгүнүн камсыздалышы үчүн азык зат пакеттерин таркатты. Рамазанда 10 күн бою 341 миң 600 кишиге күнүгө ысык тамак берип турду. 20 жүк унаасы толтура азык зат Газага өткөрүлүп 16 миң 800 үй-бүлөгө таркатылды»-деген маалыматты берди.
Эмруллах Ишлер Палестинанын Энергетика министрлигинин шашылыш күйүүчү май талабынын негизинде күйүүчү май жеткирилип, Түрк Кызылайы берген дары-дармектерге кошумча түрдө шашылыш керектүү дарылар жана күнүмдүк керектелүүчү материалдар боюнча жардам берилгенин, Газа мэриясы баш болгон калган муниципалитеттердин шашылыш муктаж болгон генератор жана ушуга окшогон мутаждыктарынын камсыздалганын сөз кылды.
Премьер-министрлик тарабынан жардам бериле баштаганын жана Дин иштери башкармалыгынын эсептерине 45 миллион лира чогулганын баса белгилеген Ишлер: «Үйлөрү кулаган жана Газада мектептерде баш калкалаган палестиналыктар үчүн контейнер шаарча куруу иш-чаралары уланууда. Айрыкча кыйраган талаа аянттарынын калыбына келтирилиши, мал чарбачылыгынын оңдолушу жана орто көлөмдүү өнөр жайдын чыгымдарынын жоюлушу үчүн аткарыла турган проекттер үчүн тийиштүү инфраструктуралык иш-чаралар жана пландоолор уланууда»,-деди.
Ишлер айрыкча газалык жаралуулардын Түркияга алынып келип дарылануулары улана турганын белгилеп өттү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар