Президенттик шайлоого байланыштуу так жыйынтыктар билдирилди

Р. Т. Эрдоган Абдуллах Гүлдүн кызмат мөөнөтү бүтө турган 28 – августта Түркия Жогорку Улуттук Парламентинде ант берет

92600
Президенттик шайлоого байланыштуу так жыйынтыктар билдирилди


Билдирилген маалыматка караганда премьер – министр Р. Т. Эрдоган жалпы Түркияда алган 21 миллион 143 добуш жана 51, 79 пайыздык добуш катнашы менен Түркия Республикасынын 12 – президенти болду.
Жогорку Шайлоо Комиссиясынын жыйынтыктарына караганда биргелеше көрсөткөн талапкер Экмеледдин Ихсаноглунун добуш катнашы 38, 44 пайыз болуп, Селахатин Демирташтын алган добуш катнашы болсо 9, 76 деп такталды.
Шайлоо жыйынтыктарына байланыштуу билдирүү жасаган Жогорку Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Сади Гүвен Р. Т. Эрдоган үчүн даярдалган токтомду парламенттин спикери Жемил Чичекке тапшырды. Президент болуп шайланган Р. Т. Эрдоган Абдуллах Гүлдүн кызмат мөөнөтү бүтө турган 28 – августта Түркия Жогорку Улуттук Парламентинде ант берет. Андан кийин Чанкая сарайына чыга турган Эрдоган кызматын Абдуллах Гүлдөн өткөрүп алат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар