М. Чавушоглу Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү тууралуу билд

Европа Биримдии министри Чавушоглу Түркиянын ишке ашырган реформаларынын дагы жакшы түшүнүлгөнүн белгиледи

70878
М. Чавушоглу Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү тууралуу билд

Израилдин Газага карата кол салууларына токтолгон Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Мевлүт Чавушоглу : «Дүйнө тынчтыгы үчүн Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнүн маанисинин абдан чоң экени дагы бир жолу белгилүү болду»,- деди. Европа Биримдиги министрлиги берген ооз ачуу тамагында сөз сүйлөгөн Чавушоглу бир өлкөгө карата каршы чыгуу ал өлкөнүн жарандарына карата болбошу керек»,- деди. Ооз ачуу программасына Респуликалык Элдик партиясынын мурунку лидери Дениз Байкал, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн Анкарадагы элчилери, диний жамааттардын лидерлери менен басма сөз мекемелеринин Анкарадагы өкүлдөрү катышты. Мевлүт Чавушоглу аймакта болгон сокку окуяларынын Рамазан кубанычына көлөкө түшүргөнүн айтты. Чавушоглу Газада болуп жаткан абалдардан улам Рамазандын кайгылуу өткөнүн белгилеп аймакта тынчтыкты каалашкандарын айтты.
Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессиндеги чечкиндүүлүгүнө токтолгон Чавушоглу болгондордун Түркиянын Европа Биримдиги үчүн маанисин дагы бир жолу ортого салганын айтты. Чавушоглу дүйнө бир хаос атмосферасына жетеленип бир топ нарктарды унута баштан мезгилде Түркиянын Европа Биримдигине шайкеш келүү процессинде ишке ашырган реформалардын жана алдыңкы демократия максаттарына болгон байланышынын дагы жакшы түшүнүлгөнүн белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар