Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Жемил Чичек Иранда
Жыйында Газада болгон адамзаттык трагедия сөз болот.
67031
Жемил Чичек коштоосундагы делегация менен бирге кечээ кечки сааттарда Иранга барды. Парламенттин спикери Чичекти Иран – Түркия парламенттик достук группасынын төрагасы Хүсейин Садр тосуп алды. Чичек Иранда 15 мусулман өлкөнүн парламент башчыларынын катышуусу менен өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун жыйынына катышат. Жыйында Газада болгон адамзаттык трагедия сөз болот.