Сомалилик аскерлер билим алууну аякташты

110 сомалилик аскер дипломдорун алышты

129745
Сомалилик аскерлер билим алууну аякташты

Түркия менен Сомалинин ортосундагы достук жана кызматташтык аскердик тармакта да өзүн көрсөтүүдө. Түркияда билим алып жаткан сомалилик 110 аскер салтанат менен дипломдорун алышты. Сомали аскерлери 11 ай Түрк Куралдуу Күчтөрүнөн аскердик билим алышты.
Аскердик кызматташтык келишимдеринин алкагында лидерлик, кибер коопсуздук, деңизчилик, авиация тармактарында билим алышты. Сомалилик аскерлер кыйын билим берүү процессин аяктап бүтүрүп чыгышты. Салтанатта Түркия – Сомали ортосундагы тектүү достук жана бир туугандык байланыштарынын баары дүйнөгө үлгү болору баса белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар