Ихсаноглу шайлоо иш-чараларын улантууда

Ихсаноглу: «Ибадаткана, мамлекеттик мекеме жана казармада саясат болбойт».

124330
Ихсаноглу шайлоо иш-чараларын улантууда

Президенттикке талапкер Экмеледдин Ихсаноглу шайлоого үгүттөө иштерин Стамбулда улантууда.
Эйүпте жарандар менен жолугушкан Ихсаноглу, «Эйүп Султан» мечитин зыярат кылды.
Ихсаноглу, «Ибадаткана, мамлекеттик мекеме жана казармада саясат болбойт»,-деп айтып ачыктоо жасаган жок.
Андан кийин Айвансарайдагы «Азирети Кааб» күмбөзүн зыярат кылган Ихсаноглунун программасында ооз ачуу тамагы бар эле.
Ал эми бул жерден бир мылтык үнү угулганынан улам ооз ачууга катышпастан унаасына түшүп ал жерден алыстап кетти.
Стамбулдун коопсуздук директорлугунун ал окуяга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Өзүн коргогон жан сакчылар менен ал жерде жүргөн айрым жарандардын ортосунда араздашуу болуп, бир кызматкерибиз тарабынан эскертүү максатында асманга ок атылып араздашуу токтотулду»,-деген сөздөр орун алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар