Түркия парламентинин спикери Жемил Чичек Бакуда
Ассамблея Кеңешинин ачылуу сөзүн Жемил Чичек сүйлөйт
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламентарлар ассамбелясынын бешинчи жалпы кеңешинин жыйыны Азербайжанда өткөрүлөт. Ушунун негизинде Түркия Жогорку Улуттук парламентинин спикери Жемил Чичек Азербайжандын борбор шаары Бакуга барды. Бүгүн ишке аша турган Ассамблея Кеңешинин ачылуу сөзүн Жемил Чичек сүйлөйт. Чичек Түркиянын кезектешкен башкаруучулугунда өткөн бир жылдын ичинде ТҮРКПАнын аткарган иштери тууралуу сөз кылат. Чичек андан кийин кезектешкен башкаруучулукту азербайжандык кесиптеши Улуттук Парламенттин спикери Октай Эседовго өткөрүп берет. Венгрия Улуттук Парламенти да бул жалпы кеңеш менен бирге ТҮРКПАга байкоочу статусунда мүчө болот.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Румынияга барат
Жевдет Йылмаз бүгүн борбор шаар Бухарестте түрк иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушат.