Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 49

Кыргызстанда 15 -  октябрда болгон президенттик шайлоодо жеңиш менен чыккан Социалд демократ партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков ант берип кызматын баштады.

864879
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 49

 

Түрк дүйнөсүнөн жаңылыктарды берген «Түрк дүйнөсүнөн кабарлар» программабызга кош келдиңиздер.

Биринчи кабарыбыз Кыргызстандан.

Кыргызстанда 15 -  октябрда болгон президенттик шайлоодо жеңиш менен чыккан Социалд демократ партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков ант берип кызматын баштады. Жээнбековдун  Ант берүү салтанаты Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясындагы "Энесай" үйүндө өттү.

Чет элдик коноктор чакырылбаган жана президенттиктин басма сөз борбору гана изилдеген ант берүү аземинде сахнага Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, президент Алмазбек Атамбаев жана  президенттик шайлоодо жеңиш менен чыккан Жээнбековдун чакырылышы менен башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ага өлкө башчынын күбөлүгүн, төш белгисин тапшырды. Кыргыз желегин өпкөн Жээнбеков Атамбаевден кыргыз туусун өткөрүп алып, колун конституцияга коюп ант берди.

Президенттик оркестры тарабынан улуттук гимндин аткарылышынан кийин үч залптын атылышы менен улантылган салтанатта сөз сүйлөгөн  Жээнбеков президенттик кызматында биринчи болуп адилеттүү жана так шайлоонун өтүшүндө чоң салым кошкон Атамбаевди мамлекеттин эң жогорку сыйлыгы менен сыйлай тургандыгына байланыштуу чечимге кол койорун билдирди. Жээнбеков көп улуттуу калктын биримдигине басым жасаган сөзүндө өлкөдө жана өзгөчө бюрократияда аймактык жана этникалык бөлүүчүлүккө уруксат бербей тургандыгын баса белгиледи.

Көз карандысыз Кыргызстандын демократиялык жолдо алдыга жылып бара жаткандыгын дүйнөгө далилдегендигин белгилеген Жээнбеков : «Көз карандысыздык тарыхыбызда биринчи жолу тынчтык жолу менен бийлик алмашууда»,- деди. Элге жана партиялаштарына рахмат айткан Жээнбеков тышкы саясатта улуттук кызыкчылыктын сакталышынын улантыларын белгилеп : «Орусия федерациясы менен стратегиялык карым – катнаштарыбызды күчтөндүрөбүз. Коңшу Кытай менен карым – катнаштарыбызды тереңдетебиз. Орто Азиядагы коңшу өлкөлөр менен тарыхый байланыштарыбыздын негизинде карым – катнаштарыбызды өнүктүрөбүз. Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр менен жакын байланыш түзүүнү улантабыз. Түркия жана АКШ менен кызматташтыгыбызды өнүктүрөбүз»,- деди.

Президент Жээнбеков алты жылдык кызматында элдин бейкуттугуна, өлкөнүн өнүгүшүнө кызмат кыларын айтып : «Алла ыйык жана көз карандысыз Кыргызстанды сактасын»,- деп сөзүн бүтүрдү.

Эмки кезекте Казакстандан бир кабарыбыз бар.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Ноорузда Орто Азия лидерлеринин жыйынын сунуш кылды. Казакстанда «Жаңы глобалдык реалдуулукта Казакстандын модернизация модели» конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга 16 өлкөнүн парламент өкүлдөрү катышты.

Казакстандын парламенти жана тышкы иштер министрлигинин биргелеше өткөргөн конференциясынын ачылыш сөзүн Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов сүйлөдү. Абдрахманов Орто Азия өлкөлөрүнүн президенттерин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жетекчилигинде Ноорузда расмий болбогон сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жолугушуу сунушун киргизди. Абдрахманов аймак өлкөлөрүнүн орток майрамы ноорузда өтө турган саммиттин өлкөлөр арасындагы карым – катнаштарды өнүктүрүү жана маселелердин чечилишинде  жеңилдик болоруна ишенгендигин айтты. Казакстан парламентинин спикери Нурлан Нигматуллиндин жетекчилигинде өткөрүлгөн конференцияга  араларында Түркия, Азербайжан, Болгария, Венгрия жана Орусия парламенттеринен делегациялар да болгон 16 өлкө катышты.

Акыркы кабарыбыз Түркмөнстандан. Кабардын темасы «Түркмөнстанда эл аралык Жибек Жолу раллиси».

Түркмөнстанда 2018 -  жылы өткөрүлө турган «Эл аралык Жибек Жолу раллиси» Амударыянын жээгинен башталып Каспий деңизинде аяктайт.

Түркмөнстан 2018 – жылы эл аралык Жибек Жолу раллисин өткөрөт. 2018 -  жылы өткөрүлө турган раллинин Түркмөнстандын таанытылышына салым кошуу менен кызыктуу көрүнүштөргө да сахна болушу күтүлүүдө. Түркмөнстандын президенти Гурбангули  Бердимухаммедов жуманын ичинде борбор шаар Ашкабаттагы автомобиль спорттору борборунда иликтөө жүргүздү. Түркмөн лидер иликтөө учурунда Түркмөнстанда 2018 – жылдын темасын «Улуу Жибек Жолунун жүрөгү – Түркмөнстан» деп белгиленгендигине көңүлдөрдү бурду. Спортко болгон кызыгуусу баары тарабынан билинген Бердимухаммедов 2018 -  жылдын ичинде «Эл аралык Жибек Жолу раллисин» өткөрүү жолдомосун берди. Жарыштар өлкөнүн чыгышынан эски аты  «Амул» бүгүнкү аты Амударыясынын жээгинен башталып, Каспий деңизине чейин улантылат.



Тектеш кабарлар